Конституция

Көңүл буруңуздар!
КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамына ылайык,
берилген Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр
2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет

2010-жылдын 27-июнунда Референдумда
(бүткүл элдик добуш берүүдө)
кабыл алынды

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(КР 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

Биз, куттуу Кыргызстандын эли,

элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларды эске сактап;

адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар болуп саналган эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекетти куруу максатына берилгенибизди ырастап;

өлкөнүн келечегине бекем ишенгендигибизди жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого, мамлекеттик эгемендикти жана элдин биримдигин сактоого, анын тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө майтарылбас эркибизди билдирип;

укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп;

ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу болуу жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

БИРИНЧИ БӨЛҮМ
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

1-берене.

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

2-берене.

1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.

2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.

4. Шайлоо эркин болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.

3-берене.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик:

1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн;

2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун;

4) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет.

4-берене.

1. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат.

2. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.

3. Саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого катышат.

4. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларды кошпогондо, партиялык ишти аткарышына;

2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;

3) диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;

4) жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен курумдардын түзүлүшүнө;

5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.

5-берене.

1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.

2. Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет.

3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

6-берене.

1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.

5. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене.

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

8-берене.

1. Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.

2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

3. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар деп эсептелет, алардын статусу мыйзам менен аныкталат.

9-берене.

1. Кыргыз Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп чыгат.

2. Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.

3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт.

10-берене.

1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

3. Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

11-берене.

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго – Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.

2. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом болуп эсептелет.

12-берене.

1. Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.

2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.

Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

Мыйзамда каралган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.

5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.

6. Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

13-берене.

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.

2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат. Республикалык бюджет – мыйзам менен, жергиликтүү бюджеттер тиешелүү өкүлчүлүктүү органдардын чечими менен кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

14-берене.

1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялоону, мамлекетти, анын ишин согуш жүргүзүү милдеттерине баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.

2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган агрессия учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

4. Кыргыз Республикасы жалпыга бирдей жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга, дүйнөлүк жана регионалдык маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө умтулат.

15-берене.

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал менен согуш абалы ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилиши мүмкүн.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН ЭРКИНДИКТЕРИ

Биринчи глава
Жалпы жоболор

16-берене.

1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.

Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт.

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.

3. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.

4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене.

Ушул Конституцияда белгиленген укуктар менен эркиндиктер бардык жактан толук жетишерлик деп эсептелбейт жана адамдын, жарандын башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин тануу же басмырлоо катары чечмеленбеши керек.

18-берене.

Ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка дагы ар кандай иш-аракеттер менен иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.

19-берене.

1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.

2. Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерге ылайык чет өлкө жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга саясий жүйөлөр боюнча куугундукталганда, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктери бузулган учурларда башкалка берет.

20-берене.

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес:

1) өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;

2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;

3) кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;

4) бала эмгегин эксплуатациялоого;

5) келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле адамды эркиндигинен ажыратууга;

6) инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого;

7) ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого;

8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;

9) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;

10) турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.

5. Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:

1) ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;

2) ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;

3) жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;

4) ой-пикир эркиндиги тууралуу;

5) диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;

6) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;

7) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;

8) соттук коргонуу;

9) мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;

10) жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Экинчи глава
Адам укуктары жана эркиндиктери

21-берене.

Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.

22-берене.

1. Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес.

2. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу мамиле жасалышына жана адамдык кадыр-баркынын сакталышына укуктуу.

3. Тиешелүү түрдө билдирилип, күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

23-берене.

1. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды соодалоого жол берилбейт.

2. Бала эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат.

3. Согушка, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга, башка өзгөчө кырдаалдар менен соттун чечимин аткарууга байланышкан учурлардан тышкары мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат.

Аскердик, альтернативалуу (аскердиктен тышкары) кызмат өтөөгө тартуу мажбурлоо эмгеги деп эсептелбейт.

24-берене.

1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

2. Кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле эч ким эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

3. Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.

Айрым учурларда кармап туруунун бир кыйла кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кармалган ар кандай адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүгүнө жараша кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, ал адам дароо бошотулушу керек.

5. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек.

Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене.

1. Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.

2. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу.

26-берене.

1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алганынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.

4. Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер күнөөнү негиздөө жана сот актысын чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

6. Ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

7. Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Геноцид жана экоцид кылмыштарына эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-берене.

1. Соттолгон ар бир адам ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто кайра каратууга укуктуу.

2. Соттолгон ар бир адам ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суранууга укуктуу.

3. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.

28-берене.

1. Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчилик тартпашы керек. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же жеңилдетилсе, анда жаңы мыйзам колдонулат.

2. Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт.

29-берене.

1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.

2. Ар бир адам кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөргө, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

30-берене.

1. Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башка объектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак-жайга жана башка объектилерине кире албайт.

2. Жеке менчикте жана башка укукта болгон турак-жайда жана бөлөк объектилерде тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүргүзүү, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү соттун актысынын негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда каралган учурларда жеке менчик жана башка укукта болгон турак-жайга жана башка объектилерди тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот актысысыз жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.

4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да тиешелүү.

31-берене.

1. Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу.

2. Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

4. Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.

32-берене.

1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ.

3. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.

4. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

33-берене.

1. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.

2. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.

4. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

5. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес.

34-берене.

1. Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес.

2. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу.

Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт.

3. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

35-берене.

Ар ким биригүү эркиндигине укуктуу.

36-берене.

1. Үй-бүлө – коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык – бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.

2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

5. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-берене.

1. Кыргыз Республикасында адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

2. Улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү – ар бир адамдын милдети.

38-берене.

Ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу. Эч ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурланбашы керек.

39-берене.

Ар ким мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери аркылуу келтирген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

40-берене.

1. Ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.

Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.

2. Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу.

3. Ар ким юридикалык квалификациялуу жардам алууга укуктуу. Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

41-берене.

1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.

2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

42-берене.

1. Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ.

2. Ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу.

3. Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ.

43-берене.

1. Ар ким иш таштоого укуктуу.

44-берене.

1. Ар ким эс алууга укуктуу.

2. Эң узак иш убактысы, жумалык эс алуунун эң кыска мөөнөтү жана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

45-берене.

1. Ар ким билим алууга укуктуу.

2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу.

3. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана бир эл аралык тилди окутуп-үйрөнүүсү үчүн шарт түзөт.

4. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

5. Мамлекет дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

46-берене.

1. Ар ким турак-жайлуу болууга укуктуу.

2. Эч ким турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратылбоого тийиш.

3. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак-жай курулушун колдоого алышат, турак-жайына карата укуктарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүшөт.

4. Аз камсыз болгон жана башка муктаж адамдарга турак-жай мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фонддорунан же болбосо мыйзамда каралган негиздерде жана тартипте социалдык мекемелерден бекер же мүмкүнчүлүккө жараша акы үчүн берилет.

47-берене.

1. Ар ким ден соолугун коргоого укуктуу.

2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.

3. Акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат.

4. Кызмат адамдары кишилердин өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактыларды жана жагдайларды жашырып койсо, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке кириптер болот.

48-берене.

1. Ар ким өмүрү жана ден соолугу үчүн ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө укуктуу.

2. Ар ким жаратылышты пайдалануудагы аракеттердин натыйжасында ден-соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

3. Ар ким табигый жаратылыш чөйрөсүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө этият мамиле жасоого милдеттүү.

49-берене.

1. Ар кимге адабий, көркөм, илимий, техникалык жана башка чыгармачылыктын түрлөрүнө, окутуучулук эркиндигине кепилдик берилет.

2. Ар ким маданий турмушка катышууга жана маданият баалуулуктарынан пайдаланууга укуктуу.

Мамлекет тарыхый эстеликтерди жана маданий мурастардын башка объектилерин сактоону камсыз кылат.

3. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.

Үчүнчү глава
Жарандык. Жарандын укугу жана милдеттери

50-берене.

1. Жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.

2. Бир дагы жаран конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

4. Жаран республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке берилбейт.

5. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

51-берене.

Жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу.

52-берене.

1. Жарандар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга;

2) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;

3) конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга.

2. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет.

Элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

3. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.