Касымкулов Мирбек Абдыкаимович

Туулган күнү 29-июль 1968-ж.

Билими 1990 ж. – РФнын Курган шаарындагы Жогорку аскердик-саясий авиациялык окуу жайын аяктаган.

Эмгек ишмердиги

1990 2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинде кызмат өтөгөн.

2008 – 2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин (УКМК) 9-кызматында ар түрдүү кызмат орундарын ээлеп келген.

2016-ж. 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын колбашчысы болуп дайындалган.

2016-ж. 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы  болуп дайындалды.

2017-ж. 14-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.