Экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары

УСАРОВ Медербек Исакович

1977-жылдын 17-августунда Ош облусун Өзгөн шаарында туулган.

Жогорку юридикалык билимге ээ. 2000-жылы милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясын артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

2004-ж. 12.00.09 – Кылмыш процесси; криминалистика; ыкчам-издөө ишмердүүлүгү адистиги боюнча Россия Федерациясындагы (Москва ш.) ИИМ башкаруу Академиясын ийгиликтүү аяктаган.
2000-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызматкер.
2007-2009-жж. – жеке жана эл аралык уюмдарда иштеген.
2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде:
- Мыйзамдык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгынын башчысы;
- Укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы.
2012-2013-жж. – Кыргыз-Россия (Славян) университетинин юридикалык факультетинин жазыктык процесси жана криминалистика кафедрасынын доценти.
- 2013-ж. -2015-ж. – Кыргыз Республикасынын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүк катчылыгынын эксперти;
- 2015-ж. – 2016-ж. – экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
- 2016-ж. апрель- август айларында – билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
- 2016-ж. – 2017-ж. – коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору.

2017-жылдын март айынан баштап азыркы күнгө чейин – экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келатат.
Юридика илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик кызматтын
2-класстагы кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын грамотасы менен сыйланган.