Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Жундубаев Кылычбек Шералиевич

1968-жылдын 21-июнунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында.

Эмгек жолумду 1988-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык советинде финансылык агенти катары баштагам.

МТТИтун 1992-жылы бүтүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Жаратылышты коргоо комитетинин Башкы көзөмөлдөө-инспектордук башкармасына (Мамжаратылышком) 1-категориядагы адис кызматына кабыл алынгам.

1993-1996 жылдары – Мамжаратылышкомдун жетектөөчү жана башкы адиси.

1996-1998 жылдары – Кыргыз Республикасынын Айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин башкы адиси, бөлүм башчы.

1998-1999 жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси-толкойду коргоо жана сактоо инженери.

1999-2001 жылдары – Кыргыз Республикасынын Айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин башкы адиси, бөлүм башчы.

2001-2002 жылдары – Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министерлигинде сектор башчысы.

2002-2006 жылдары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын жетектөөчү адиси, укуктук иштер жана документтик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

2006-2015 жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (Токой агенттиги) бөлүм башчысы, башкармалыктын жетекчисинин орун басары, эксперттик аналитикалык топтун жетекчиси, жаратылышты коргоо мыйзамдары бөлүмүнүн башчысы.

2009-2013 жылдары – КМУУнун Биология факультетинин окутуучусу (Токой агенттиги менен КМУУ ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге ылайык, макулдашуу боюнча).

2015-2016 жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн жана экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.

2017-жылдын февраль айынан – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын мыкты кызматкери” жана “Кыргыз Республикасынын Айлана чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери” төш белгилери менен сыйлангам.

“Мамлекеттик кызматтын III-класстагы кеңешчиси” даражасындагы чинге ээ.