Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы

Коңурбаева Индира Жумакадыровна

1978-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Билими жогорку. 2000-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз-Россия факультетин, филология (орус) адистиги боюнча аяктаган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясын Менеджмент багытынын Мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча аяктаган (диплому артыкчылыгы менен).

Эмгек жолу:
2001-2005-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, инспектор;
2005-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, адис;
2007-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, башкы адис;
2008-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын жардамчысы;
02.2010-04.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын) консультанты;
06.2010-08.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнун Аппараты, административдик камсыз кылуу бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын даярдоо боюнча сектору, эксперт;
08.2010-12.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, жыйындарын даярдоо боюнча сектору, эксперт;
12.2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмү, эксперт;
02.2012-07.2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, регламент жана аткарууну контролдоо сектору, эксперт;
2012-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, регламент сектору, эксперт;
2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү, эксперт;
2016-жылдын августунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы.
Класстык чини — «Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси».