Экспертиза камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Чынбаева Асель Рыспековна

1974-жылдын 7-майында Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган.

Билими жогорку. 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттиу улуттук университетинин юридика факультетин «укук таануу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1998-2000-жж. – Бишкек шаарынын мэриясынын укуктук департаменти, юрист

03-11.2000-жж. – «Хельветас Швейцария эл аралык кызматташтык ассоциациясынын айыл жериндеги калкка укуктук жардам берүү» укуктук долбоору, юрист

2001-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жетектөөчү адис, сектор башчысы

2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, юридикалык бөлүмү, укуктук талдоо секторунун башчысы

2007-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук камсыздоо жана кадрдык иштер бөлүмү, эксперт

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук колдоо бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары

2010-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук камсыздоо бөлүмү, эксперти

2015-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, башкы экспер

01-09.2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, кодификация секторунун башчысы

09-11.2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары

2017-жылдын ноябрынан бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, юстициянын отличниги