КР Министрлер Кабинетинин 19.03.2026-ж., № 187 токтому

Кыргыз Республикасынын санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө

Санариптештирүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү ролун жана салымын институттук таанууну колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. 4-апрель жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү болуп белгиленсин. 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу