КР Министрлер Кабинетинин 10.06.2026-ж., № 408 токтому

«Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын региондорун туруктуу экономикалык өнүктүрүү, бюджеттик кредит берүү аркылуу ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, 115-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. «Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте: 

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине түшкөн 1 501 669 404 (бир миллиард беш жүз бир миллион алты жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз төрт) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын Тартипке ылайык ишкердик субъекттерине бюджеттик кредит берүүгө багыттасын; 

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын системасында ушул пункттун 1-пунктчасында каралган акча каражаттарын чегерүү жана эсепке алуу үчүн өзүнчө эсеп ачсын; 

 3) «2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын; 

4) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде кийинки жылдарга бюджеттик кредит берүүнүн иш жүзүндө түшкөн кайтарылуучу каражаттарынын эсебинен, Тартипке ылайык кийин кайра пайдалануу менен түзүлүүчү каражаттарды карасын. 

3. «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берүүнү Тартипке жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кредит берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу сунушталсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айыл аймактарынын башчыларына ушул токтомду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү сунушталсын. 

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев