КР Министрлер Кабинетинин 12.06.26 №417 токтому

Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү жөнүндө

Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231 -статьясынын 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр белгиленсин: 1) 2026-жылдын 15-июнунан тартып 15-июлуна чейинки мезгилге транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүнү түзөт деп: – резидент-жеке жактар үчүн 350 эсептик көрсөткүчтү; – юридикалык жактар үчүн 550 эсептик көрсөткүчтү; – резидент эместер үчүн 750 эсептик көрсөткүчтү; 2) уруксат бир жылдык мөөнөткө катталат деп; 3) транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын көрсөтүлгөн өлчөмү электромобилдерди кошпогондо, M1 жана M1G категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат деп. 

2. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү колдонулган мезгилге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдынкы  эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо тартибинин 3-пунктунун колдонулушу токтотулуп турсун. 

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 15-июнунан тартып күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу