«Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө
Эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, балдар арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, үч жашка чейинки балдары бар жарандарды
(үй-бүлөлөрдү) социалдык жактан колдоо чараларын күчөтүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин
4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү 1200 (бир миң эки жүз) сом суммасында белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ушул Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн, «Бала Береке» бир жолку төлөмүн, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун, «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу жана чектөө тартибин аныктайт, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» төлөмүн, «Бала Береке» бир жолку төлөмүн, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун, «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылган адамдарга, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар чектелген адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин белгилейт.»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жободо:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Комиссиянын ишинин максаты болуп жазуу жүзүндө жана электрондук формада, анын ичинде электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу келип түшкөн мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо эсептелет.».
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, «Түндүк» ачык акционердик коому менен биргеликте:
1) «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу балдардын туулгандыгы жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өз убагында берүүнү камсыз кылсын;
2) балдардын төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнүн алкагында медициналык кызматкерлердин үйлөргө баруу, вакцинациялоо, медициналык жардам көрсөтүү учурунда балдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укугу жөнүндө ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөрүнө, камкорчуларына) маалымдоону камсыз кылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ушул токтомду ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртуу маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара кызматташууну камсыз кылсын;
4) «Бейтаптын санариптик медициналык картасы» маалыматтык системасынын балдар төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейин электрондук амбулатордук медициналык карта жүргүзүү жана толтуруу бөлүгүндө үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө үч жашка чейинки курактагы балдары бар Кыргыз Республикасынын жарандарын жүргөн жери боюнча каттоо эсепке алуусун камсыз кылуу боюнча зарылболгон чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жерресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик:
1) 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын даректүү регистринин кодировкасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
5-июнундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө», 2026-жылдын 5-июнундагы № 399 «Кыргыз Республикасынын алыскы барууга кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонууну жөнгө салуу жөнүндө» токтомдоруна ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө кадастр органдары тарабынан колдонулуп жаткан калктуу конуштардын тизмегин калктуу конуштардын расмий тизмесине жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык объекттеринин жана аймактык бирдиктеринин белгилерининсистемасынын мамлекеттик классификаторунун коддоруна ылайык келтирсин.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте сапаттуу расмий статистикалык маалыматты түзүү үчүн балдардын төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кепилденген укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматтарды туруктуу чогултууну жана статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун өз убагында төлөө үчүн белгиленген тартипте республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А.Касымалиев