КР Министрлер Кабинетинин 20.06.2026-ж. № 430 токтому

Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан автомобиль транспорту менен («Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701, 2702 коддору менен классификациялануучу көмүрдү ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу көмүрдү ташып чыгууну  жүзөгө ашырууда «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна жайылтылбайт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датага чейин үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датага чейин үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 777 «Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу