КР Министрлер Кабинетинин 29.06.2026-ж. № 449 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 «Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө көмөктөшүү максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 «Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларында:

– 115-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– 116-пункттагы «150,0» деген цифралар «50,0» деген цифраларга алмаштырылсын;

– 123-пунктта:

«жылтыр» деген сөз алып салынсын;

«150,0» деген цифралар «50,0» деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу