МК Токтому №437 25.06.2026

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын ишинин айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду «Долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу фонду» коомдук фонду деп кайра аталсын.

2. «Долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу фонду» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун укук мураскору болуп саналат деп белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2025-жылдын 23-августундагы № 523 «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2026-жылдын 18-мартындагы № 181 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы
 № 323 «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын: 

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү; 

2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                  А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу