КР Министрлер Кабинетинин 07.07.2026-ж., № 464 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинде:

– 13-пункттагы «Аи-95,» деген сөздөр алып салынсын.

2.    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 5-пункттун 2-пунктчасындагы «максималдуу чекене бааларды белгилөө менен» деген сөздөр алып салынсын. 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу