Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 27-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй ардак наамдары уюштурулсун:
1) «Эмгек сиңирген артист»;
2) «Эмгек сиңирген врач»;
3) «Эмгек сиңирген ойлоп табуучу»;
4) «Эмгек сиңирген куруучу»;
5) «Эмгек сиңирген мугалим»;
6) «Эмгек сиңирген юрист»;
7) «Эмгек сиңирген экономист»;
8) «Эмгек сиңирген ишкер»;
9) «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер»;
10) «Илимге эмгек сиңирген ишмер»;
11) «Геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер»;
12) «Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер»;
13) «Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер»;
14) «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер»;
15) «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер»;
16) «Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер»;
17) «Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер»;
18) «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эмгек сиңирген кызматкер»;
19) «Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер»;
20) «Калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер»;
21) «Транспортко эмгек сиңирген кызматкер»;
22) «Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер»;
23) «Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына эмгек сиңирген кызматкер».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев