Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп белгилөө жөнүндө
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү мезгилинде иранспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 253 «Кыргыз
Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү
жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мамлекеттик бюджеттен каржылануучу
мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– аталган дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо жмгек акысы сакталат деп;
– үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин
кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт деп.
3. Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык
кызматкерлерге бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев