«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жер участокторун бир категориядан экинчи категорияга же бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) жол-жобосун өркүндөтүү жана жөнөкөйлөтүү, жер мамилелери чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгын жана ыкчамдуулугун камсыз кылуу, жер ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү, пайдаланууга жарактуу жерлерди айыл чарба жүгүртүүсүнө өз убагында тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 15-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пунктта:
экинчи абзац «Жер участокторун» деген сөздөр «Айыл чарба багытындагы жер участокторун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы «жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары» деген сөздөр «жергиликтүү мамлекеттик администрация же облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, ошондой эле айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн категориясындагы түрдөн «Айыл чарба багытындагы жерлер» бир экинчисине которуудан (трансформациялоодан) тышкары, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан, жер участогунун чек аралары, долбоорлонуп жаткан объекттердин жайгашуусу, кирүү жолдору, инженердик коммуникациялар жана коргоо зоналары көрсөтүлгөн жер участогунун эскиздик долбоору техникалык-экономикалык негиздемеси менен.»;
жетинчи абзацтагы «көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилүүчү жерлерди которууну кошпогондо,» деген сөздөр «көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилген жерлерди жана жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которууну (трансформациялоону) кошпогондо,» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пунктта: 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, ошондой эле айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм же мекеме тарабынан иштелип чыккан жер участогунун эскиздик долбоору техникалык-экономикалык негиздемеси менен;»;
6-пунктчадагы «көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилүүчү жерлерди которууну кошпогондо,» деген сөздөр «көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилген жерлерди жана жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которууну (трансформациялоону) кошпогондо,» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктчадагы «, которуунун (трансформациялоонун) негиздүүлүгүн» деген сөздөр алып салынсын;
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12) сугат айдоону жерлердин башка категориясына которууда (трансформациялоодо) өздүк, зайымдык каражаттардын жана инвестициялардын эсебинен жерлердин башка категорияларынан жана жерлердин түрлөрүнөн сугат айдоо үчүн бирдей маанидеги аянтты өздөштүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын төмөнкүлөрдү камтыган маалыматы:
– сугат айдоо катары өздөштүрүлүүгө тийиш болгон жер участогунун жайгашкан жерин, чек араларын, аянтын, жерлердин категориясын жана жердин түрүн көрсөтүү менен картографиялык материалдар;
– жерлерди өздөштүрүү жана туруктуу сугарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суу ресурстарынын бар экендиги жана жетиштүүлүгү жөнүндө маалыматтар;
– «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан жерлерди сугат айдоого өздөштүрүү үчүн долбоордук-сметалык документтер;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 33¹-пункт менен толукталсын:
«33¹. Жер участогун которгондон (трансформациялагандан) кийин менчик ээси же жер пайдалануучу үч жылдын ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген жерлердин башка категорияларындагы жана жердин түрлөрүндөгү бирдей аянттагы сугат айдоого өздөштүрүүгө милдеттүү.»;
– 34-пункт «ошондой эле» деген сөздөрдөн кийин «менчик ээси же» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) сугат айдоо жерлерине өздөштүрүүгө жарактуу жерлерди көрсөтүү менен айыл чарба жерлеринин актуалдаштырылган жана системалаштырылган жалпыланган карталарын жайгаштыруу каралган, жер категориялары, жердин түрлөрү, аянттары, жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жер ресурстарын натыйжалуу пландоо жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды камтыган мейкиндик маалыматтар порталын түзүүнү, иштетүүнү жана ага кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына көрсөтүлгөн мейкиндик маалыматтар порталына кирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле жер мамилелерин жөнгө салуу жана жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда анда жайгаштырылган маалыматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүнү.
3. Бул токтом ушул токтомдун 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктунун он бешинчи – жыйырма биринчи абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев