Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мунайды жана мунай продуктуларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну убактылуу жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мунай жана мунай продуктуларынын ички рыногунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту коргоо, мунай продуктуларынын тартыштыгынын келип чыгышына жол бербөө, ички керектөөлөрдү үзгүлтүксүз жабдуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
22-октябрындагы № 566 «Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
–.51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«51. Ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарынын колдонулушу
2026-жылдын 25-майынан тартып 2027-жылдын 1-апрелин кошуп алганга чейинки мезгилге токтотулуп турсун.».
2..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө»;
– преамбуладагы «46» деген цифралар«29» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 1, 2, 3, 4, 5-пункттар төмөнкүдөйредакцияда баяндалсын:
«1..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ташып чыгарылган жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү түрдө кийин кайра ташып келүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган нафтаны, мазутту жана жылытуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен
классификацияланган) кошпогондо, автомобиль жана темир жол транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификацияланган) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган) ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2..Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагынанташып чыгарылуучу, Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык белгиленген транспорт каражаттарынын штаттык май куюучу бактарындагы мунай продуктуларына жайылтылбайт.
3..Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
4..Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун
1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
5..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрсүн.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев