03
Март
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык инвесторлорду каржылоого кызыкдар компаниянын өкүлдөрүн кабыл алды
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 3-марты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууда компания өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги инфраструктуралык долбоорлорго эл аралык инвесторлорду тартууга жана каржылоого кызыкдар экенин билдиришти. Анда, Европа өлкөлөрүнөн жеке жана юридикалык тараптарды эркин экономикалык аймактын жана Edelweiss банкынын алкагындагы банктык жана корпоративдик кызматтарга тартуу.
Эркин экономикалык аймагын уюштурууну “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коому жайгашкан аймагында кароону артыкчылык катары каралып жатканы айтылды. Анда, кайра иштетүүчү өнөр жай жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда европалык технологиялар колдонулуп, каржылоо жүргүзүлөт.
Жолугушуунун соңунда МинКаб Төрагасы мамлекетке инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер менен кызматташууга Кыргызстан ар дайым ачык экенин, ошол эле учурда улуттук мыйзамдардын сакталышы керектигин жана жогорудагы сунуштардын негизинде тийиштүү иштерди жүргүзүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды.