КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы менен ооруган учурдун аныкталганына байланыштуу, калктын коопсуздугун камсыздоо жана  Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасындагы массалык ооруга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык: 

1. Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары өзгөчө кырдаал режиминде иштөөгө өткөрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде Ыкчам аракеттердин планы (мындан ары – Ыкчам аракеттердин планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин административдик ведомстволорунун Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары, аймактардын жарандык коргонуусунун башчылары жана Жарандык коргонуу уюмдарынын жетекчилери ыкчам тартипте: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологияга каршы иш-чаралардын комплексин жүргүзсүн;

- калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыздоо жана экономика тармактарынын жана объекттердин туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди уюштурушсун; 

- Ыкчам аракеттердин планын аткарууга алышсын; 

- иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө күн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына жана анын кесепеттерин жоюуга каршы күрөшүү боюнча опертивдүү штабга маалымдап турушсун.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев