КР Министрлер Кабинетинин 09.03.2026-ж., № 160 токтому

Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0102 коду менен классификациялануучу ири мүйүздүү малды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду менен классификациялануучу жылкыларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду менен классификациялануучу койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:

− Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитти;

− мелдештерге катышуу үчүн спорт жылкыларын;

− чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкыларды;

– Кыргыз Республикасында өстүрүлгөндөн тышкары, мамлекеттик оператор – «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому экспорттоочу тирүү малды; 

– аба жолу менен ташып чыгарылуучу жылкыларды.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 506 «Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 606 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 506 «Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 668 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 506 «Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу