КР Министрлер Кабинетинин 04.04..2026-ж., № 223 токтому

Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоочөйрөсүндөбагуужанакөбөйтүүчөйрөсүндөгүмамилелерди өркүндөтүү жана тартипке келтирүү, ченемдик укуктук актылардагы аныкталган шайкеш эместиктерди жоюу максатында, «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 40-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. КыргызРеспубликасынынаймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. КыргызРеспубликасынынаймагындажаныбарлардүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө баккан жана көбөйткөн юридикалык жана жеке жактар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде оң корутунду алуу жанакийинжапайыжаныбарлардыбагуучужерлердин реестрине киргизүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга милдеттүү деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 «Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммасын пайдалануу тартибинде:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Ушул Тартип «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу», «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелипчыкканжанажаныбарлардүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн каражаттарды өндүрүү маселелерин, ошондой эле бул бузууларды ачкан жана тариздеген адамдарды (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөр) сыйлоо маселелерин жөнгө салат.»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларында:

– 1-бөлүмдүн 2-параграфынын 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2 Аккунас 30000

3 Каракунас 30000»;

– 2-бөлүмдүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2 Теке 300000

3 Элик 100000».

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А.Касымалиев