КР Министрлер Кабинетинин 17.04..2026-ж., № 258 токтому

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө

Мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун бирдиктүү тартибин белгилөө, санариптик технологияларды киргизүү жолу менен конкурстук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу, бош кызмат орундарына ыкчам дайындоо үчүн башкаруучу кадрлардын туруктуу резервин түзүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышында, преамбулада жана 6-пунктта «башталгыч жана», «Башталгыч жана» деген сөздөр алып салынсын;

2) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган мамлекеттик органдын бюджеттик каражаттарынын чегинде борбордоштурулган негизде жүргүзүлөт деп белгиленсин.»;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:

– аталышында «башталгыч жана» деген сөздөр алып салынсын;

– 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартибин аныктайт.

2. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча беш жылдык мөөнөткө дайындалат.»;

– 2-главанын аталышында «башталгыч жана» деген сөздөр алып салынсын;

– 3-пунктта «окож» деген сөз «орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 4-пунктта «ушул окуу жайдын» деген сөздөр «ушул орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 6-пунктта, 7-пункттун 5-пунктчасында, 8-пункттун 1, 3-пунктчаларында, 27, 40, 45, 47-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү «окуу жайы», «Окуу жай» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму», «Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 14-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн, орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жетекчиси эсептелет.»;

– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«16. Конкурстук комиссиянын курамына орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кадрдык, юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле жарандык коомдун, коомдук кеңештин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирет. Ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын конкурстук комиссиясынын курамына жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү киргизилет.»;

– 23-пунктта «окуу жайларда» деген сөздөр «орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 25, 26, 33, 44-пункттарда «билим берүү жана илим жаатындагы» деген сөздөр «жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 28-пункттун бешинчи абзацында «башталгыч жана» деген сөздөр алып салынсын;

– 35-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Талапкерлер бирдей сандагы балл алган учурда комиссия жыйналыштын протоколун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине ошол талапкерлердин арасынан орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жиберет. Бирдей сандагы балл алган талапкерлерди тандоо критерийлери жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.»;

– 381-пунктта «башталгыч жана», «Башталгыч жана» деген сөздөр алып салынсын;

– 4-главанын аталышында «Окуу жайлардын» деген сөздөр «Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 39-пунктта:

биринчи абзацта, 9-пунктчада «Окуу жайдын», «окуу жайдын» деген сөздөр «Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун», «орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;

10-пунктчада «бул окуу жайдын» деген сөздөр «бул орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 5-главанын аталышында «Окуу жайлардын» деген сөздөр «Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 41, 46-пункттарда «Окуу жайлардын» деген сөздөр «Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«42. Аттестациялык комиссия (мындан ары – Комиссия) жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин (өкүлдөрүнүн), коомдук кеңешинин өкүлдөрүнүн арасынан тогуздан кем эмес адамдан турат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

Комиссиянын иштөө регламенти жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.»;

– жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 «Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2)    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

3)    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 «Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө» токтомунун 6, 7-пункттары;

4)    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

5)    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2, 3-пункттары.

5. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

6. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев