КР Министрлер Кабинетинин 13.04..2026-ж., № 248 токтому

Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1.   Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын, тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин. 

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
 5-ноябрындагы № 610 «Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле
 түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-декабрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы № 610 «Атайын автомобилдер менен мотоциклдерге орнотулуучу атайын жарык жана үн сигналдарын, ошондой эле түстүү-графикалык схемаларды орнотуунун жана колдонуунун тартиби, ошондой эле айырмалоочу белгилердин, жазуулардын, атайын жана жарык сигналдардын нускамасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана стандартташтыруу боюнча улуттук орган өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жобо.pdf


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                    А.А. Касымалиев



Тиркемелер

Басып чыгаруу