КР Министрлер Кабинетинин 17.04..2026-ж., № 257 токтому

Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86–98-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.   Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.   Төмөнкүлөр белгиленсин:

1)   1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилбеген юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр 2027-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же ишин токтотууну каттоодон өтүүгө милдеттүү;

2)   2026-жылдын 1-мартына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык 2026-жылдын     1-августуна чейинки мөөнөттө бенефициардык менчик ээлерин аныктоо жана каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды каттоочу органга берүүгө милдеттүү.

3.   Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мажбурлап жоюу жол-жобосун демилгелесин.

4.   Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5.   Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтому;

2)   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому.

6.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тартип .pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                                 А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу