КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 289 токтому

Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Маданият мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Маданият мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык

маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук

мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын

категориясына кирбеген кызматкерлердин, маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерди, ведомстволук мекемелерди тейлеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин

кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери

1–8-тиркемелерге ылайык;

2) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана

мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин

мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген

кызматкерлердин, маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерди,

ведомстволук мекемелерди тейлеген техникалык тейлөөчү

персоналдын кызматкерлеринин, кенже тейлөөчү персоналды

кошпогондо, иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн

өлчөмдөрү 9-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге:

– эмгек өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунун

өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөт;

– календардык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык

фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт;

2) төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт:

– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо,

кызматкерлерге 1 штаттык бирдикке (1 ставкага) 15 000 сом өлчөмүндө;

– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 1 штаттык

бирдикке (1 ставкага) 5 000 сом өлчөмүндө.

Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту

чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз

Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга

кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт;

3) маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерди,

ведомстволук мекемелерди тейлеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын ичинен айрым кызматкерлердин кызматтык маяналарына пайыздык үстөктөр төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

– автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш

күнү үчүн – кызматтык маянадан 25 пайыз;

– кароолчуларга түнкү убакта иштегендиги үчүн – кызматтык

маянадан 50 пайыз;

– кызматтык жайларды жана коомдук дааратканаларды

тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу

каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн – кызматтык маянадан 25 пайыз;

4) республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына шаардык кеңештин

чечимдери менен бекитилүүчү үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү киргизүүгө укуктуу.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият, маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин телерадиоберүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө» токтомунун 6-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 4-декабрындагы № 635 ««Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 29-декабрындагы № 736 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 3-пункту;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 24-июнундагы № 333 «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 «Шанхай кызматташтык

уюмунун маданий-интеграциялык борбору» мамлекеттик мекемесин

түзүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 15-августундагы № 499 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин маданият, маалымат жана спорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев




Тиркемелер

Басып чыгаруу