Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы No 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 161-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7 040 сом) эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет;
3) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине бир ставкага төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт:
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5000 сом өлчөмүндө;
4) ушул токтом Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган, эмгек акы төлөөсү Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен жөнгө салынган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына карата колдонулбайт.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык; 2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо
колдонулуучу эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы No 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
«Ушул пункттун 1–5-пунктчаларында каралган төлөмдөр
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине карата колдонулбайт.»;
2) жогоруда аталган токтомдун 28-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 35-тиркемесинде:
эскертүүдө:
– 5-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-февралындагы No 86 «Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары алуучу каражаттарды пайдалануу жөнүндө жободо:
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын кошумча төлөмдөрү төмөнкүлөргө багытталат:
1) 40 %га чейин кошумча эмгек акыга, анын ичинде социалдык чегерүүлөргө;
2) 60 %дан кем эмеси дарылоо-диагностикалык процесске жана пациенттердин тамак-ашына байланышкан иш-чараларга, медициналык жабдууларга жана бейтаптардын саламаттык сактоо уюмдарында болуу шарттарын түзүү үчүн башка чыгымдарга, буга
көмүр сатып алууга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар кирбейт.».
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү карасын:
1) 2026-жылга республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн кошумча ассигнованиелерди;
2) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда тиешелүү өзгөртүүлөрдү.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 182 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы No 481 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 182 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы No 551 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы No 405 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 182 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январындагы No 5 «Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун 2-пунктчасы.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинтинин Төрагасы А.А. Касымалиев