КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 286 токтому

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, аларга материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз

Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө»

Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын

13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасын (маянасын) жана эмгек акысынын ставкаларын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелет;

2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасы (маянасы) жана эмгек акысынын ставкасы минималдуу базалык ставканын (7040 сом) өлчөмүн кызматтык маяналарга жана ставкаларга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.

2. Төмөнкүлөрдүн ставкасына (маянасына) президенттик компенсациялык төлөмдөр белгиленсин:

– билим берүү системасынын кызматкерлерине (техникалык

жана кенже тейлөөчү персоналдан тышкары) 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

– техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналга

5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө.

Президенттик компенсациялык төлөмдөр өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө  кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана 1 ставкага төлөнөт.

Эгерде кызматкердин жүктөмү 1 ставкадан аз болсо, анда билим

берүү уюмунун кызматкеринин эмгек акысына президенттик компенсациялык төлөм анын иш жүзүндөгү жүктөмүнө жараша пропорционалдуу белгиленет.

3. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысына квалификациялык категориясы үчүн ар айлык үстөктүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

1) жогорку категория үчүн – 5 000 сом;

2) биринчи категория үчүн – 3 000 сом;

3) экинчи категория үчүн – 2 000 сом.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билим берүү уюмдарынан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жана мекемелерге карата колдонулат деп белгиленсин.

5. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануучу кызматкерлердин кызматтык маяналарына шаардык кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү үстөктөрдү жана төлөмдөрдү белгилеши мүмкүн деп белгиленсин.

6. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкаларына (маяналарына) жана ставкаларына эселөө коэффициенттери 1–18-тиркемелерге ылайык;

2) билим берүү системасында иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенттери 19-тиркемеге ылайык;

3) билим берүү системасында иштеген кенже тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенттери 20-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Санат»

ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 21-тиркемеге ылайык;

5) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу

Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 22-тиркемеге ылайык;

6) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык  дене тарбия, спорт жана маданият методикалык борборунун кызматкерлеринин тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенттери 23-тиркемеге ылайык;

7) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу

Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун

кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенти 24-тиркемеге ылайык;

8) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын

педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 25-тиркемеге ылайык.

7. Атайын каражаттардын эсебинен каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары

көзөмөлчүлүк кеңешинин макулдугу менен билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

Атайын каражаттардын эсебинен каржыланган билим берүү

уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жана ставкаларына эселөө коэффициенттери жана сааттык эмгек акынын өлчөмдөрү тиешелүү кызмат орду боюнча бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринен, ставкаларынан жана сааттык эмгек акынын өлчөмдөрүнөн төмөн болбоого тийиш.

Бул пункт кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдү жогорулатууга мораторий

киргизилген мезгилде колдонулбайт.

8. Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары өздөрүнүн каражаттарын пайдалануу багыттарын жана тартибин, анын ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө жана материалдык дем берүүгө багытталуучу үлүшүн көзөмөлчүлүк кеңештеринин макулдугу менен өз алдынча аныктайт.

9. Педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак

наамдары, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги,

квалификациялык категориясы үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөктөр, ошондой эле өзгөчө эмгек шарттары Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

10. Тиешелүү предметтер боюнча мугалимдер жана окутуучулар жок болгон учурда толук ставка менен иштеген жетекчилерге

төмөнкүдөй окутуучулук иш жүргүзүүгө уруксат берилсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында – жумасына

18 сааттан ашык эмес;

2) жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик баштапкы билим берүү уюмдарында, балдар үйлөрүндө – 5–11-класстарда жумасына

9 сааттан ашык эмес, 1–4-класстарда жумасына 8 сааттан ашык эмес;

3) мектептен тышкаркы уюмдарда – жумасына 10 сааттан ашык эмес;

4) кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында –

окуу жылында 360 сааттан ашык эмес;

5) кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында

– тиешелүү кызмат орду боюнча кызматтык маянанын 0,5 ставкасынан ашык эмес;

6) маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринде – жумасына 18 сааттан ашык эмес.

Жалпы билим берүү уюмдарында 0,75, 0,5 жана 0,25 ставка менен

иштеген директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучуга тиешелүүлүгүнө жараша жумасына 14, 18 жана

23 сааттан ашык эмес окутуучулук иш жүргүзүүгө уруксат берилет.

11. Жалпы билим берүү уюмдарынын социалдык педагогдоруна жана лаборанттарына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

1) мугалимдер жана окутуучулар болбогон учурда тиешелүү

предметтер боюнча жумасына 9 сааттан ашык эмес окутуучулук ишти жүргүзүүгө;

2) 0,75, 0,5 жана 0,25 ставка менен иштегендерге 5–11-класстарда тиешелүүлүгүнө жараша жумасына 14, 18 жана 23 сааттан ашык эмес окутуучулук ишти жүргүзүүгө.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

27-январындагы № 30 «Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек

акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Окуу сабактарын өткөрүүгө катышкан пластикалык

позаларды демонстрациялоочу адамдарга кийимсиз же татаал позада тургандыгы үчүн саатына 720 сом, жарым кийимчен – 540 сом, ал эми кийимчен – саатына 360 сом өлчөмүндө акы төлөнөт.»;

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 26-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

24-майындагы № 239 «Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда «улуттук» статусу же «академиялык» ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Улуттук» статусу

же «академиялык» ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси:

– төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын: 

«38. «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы.».

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын

23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

– II бөлүмдө «Санитарка-бала багуучу» деген сөздөр

«Тарбиячынын жардамчысы (ясли)» деген сөздөргө алмаштырылсын.

15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-мартындагы № 185 «Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

102-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.

16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

29, 33, 34 жана 341 -тиркемелер күчүн жоготту деп таанылсын.

17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 «№ 99 Кесиптик лицейи» мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 6-пунктта «2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө

кирүүчү ушул токтомдун 4-пунктунун ченемдеринен тышкары,» деген сөздөр алып салынсын.

18. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 5-февралындагы № 48 «Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемесин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим

министрлигине караштуу «Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору» мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

19. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 23-январындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын

Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн,

мекемелеринин жана уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

20. Кыргыз Республикасынын жарандарына, кайрылмандарга,

башка мамлекеттерде жашаган этностук кыргыздарга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандыкка ээ болгон мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандарга билим берүүчү санариптик программаларды уюштуруу жана сунуштоо үчүн:

1) «Тунгуч» онлайн-мектебинин директору үчүн кызматтык маянасына/ставкасына 200 пайыз өлчөмүндө үстөк колдонулат;

2) «Тунгуч» онлайн-мектебинин кызматкерлери үчүн кызматтык

маянасына/ставкасына 100 пайыз өлчөмүндө үстөк колдонулат.

Мында бул үстөктүн жалпы көлөмү кызматтык маянадан/эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш.

21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) 2026-жылга республикалык бюджетте билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга кошумча ассигнованиелерди карасын;

2) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-

жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

22. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

5-октябрындагы № 648 «Жалпы билим берүүчү уюмдардын

мугалимдерине квалификациялык категориясы үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-мартындагы № 181 «Билим берүү системасынын

педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомунун 1–6, 10–12, 121, 13, 15,

16-пункттары жана 1–21-тиркемелери;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181

«Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым

категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык

кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 4-августундагы № 416 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181

«Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары

жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 8-майындагы № 224 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181

«Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары

жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 «Акылман»

президенттик лицейи жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтомунун 2, 3, 4-пункттары;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 20-ноябрындагы № 702 «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 4-июнундагы № 317 «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 452 «Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181

«Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары

жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 «Кыргыз Республикасынын

Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө  шарттары жана штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомунун

4-пункту.

23. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

24. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

25. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев






Тиркемелер

Басып чыгаруу