Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө
Майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарылануунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук жолдомолорду сатып алууга жана акчалай компенсацияларды төлөөгө республикалык бюджеттен зарыл болгон көлөмдө каражаттарды бөлүп берсин.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
- Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
8-майындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
5-июнундагы № 347 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 7-пункту; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
4-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
6-февралындагы № 67 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 9-августундагы № 457 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
24-августундагы № 433 «Социалдык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту. - Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев