Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо боюнча
чаралар жөнүндө
«Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана алардын ишин координациялоо тартиби
1-тиркемеге ылайык;
2) Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жардам көрсөтүү тартиби
2-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), жалпыга маалымдоо каражаттары:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомду ишке ашыруу маселелери боюнча калк арасында, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (макулдашуу боюнча) түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүргүзгөн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка субъекттердин ишин жана өз ара аракеттенүүсүн координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пилоттук органдары менен биргеликте (макулдашуу боюнча) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кызматтарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган «Коопсуз үй» программасынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тарабынан тиешелүү жылга каралган каражаттардын эсебинен, мамлекеттик социалдык заказдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
1-августундагы № 390 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын. - Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев