КР Министрлер Кабинетинин 25.05.2026-ж., № 369 токтому

Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидияларды берүүнүн убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Субсидияларды берүү максатында Турксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисинде импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуунун белгиленген баалары төмөнкүдөй деңгээлде аныкталсын:

1) ТЭИ ТН 2710 12 110–2710 12 900, 2710 19 110 0–2710 19 150 0, 2710 19 250 0, 2710 19 290 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери (Аи-92, Аи-95) төмөнкүдөй өлчөмдө:

- Аи-92 маркасы – бир тонна үчүн 860 АКШ доллары;

– Аи-95 маркасы – бир тонна үчүн 940 АКШ доллары;

2) ТЭИ ТН 2710 19 310 0–2710 19 480 0, 2710 20 110 0–
 2710 20 190 0 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну, бир тонна үчүн 950 АКШ доллары өлчөмүндө;

3) ТЭИ ТН 2711 11 000 0–2711 19 000 0, 2901 10 000 1 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газы, бир тонна үчүн  575 АКШ доллары өлчөмүндө.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин: 

1) Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидияларды берүүнүн убактылуу тартиби 2026-жылдын 25-майынан тартып 30-сентябрын кошуп алганга чейин колдонулат деп; 

2) 2026-жылдын 25-майынан тартып 30-сентябрын кошуп алганга чейинки мезгилде импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдарга учурдагы датага карата сатып алуу баалары менен ушул токтомдун 2-пунктунда аныкталган белгиленген баалардын ортосундагы айырманын өлчөмүндө субсидиялар берилет деп.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 25-майынан тартып
 30-сентябрына чейинки мезгилде салык төлөөчүлөрдүн бензинди, дизель отунун жана суюлтулган көмүр суутек газын өндүрүүгө жана импорттоого акциздик салыкты төлөө мөөнөтүн отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сына чейин белгилесин.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артка карай колдонуу күчү менен кыйыр салыктарды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү укугу каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш киргизсин;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык максималдуу чекене бааларды белгилөө менен күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомго ылайык аныкталуучу суммаларды субсидиялоо үчүн финансы каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын жана бөлүп берсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 566 «Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

«51. Ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарынын колдонулушу 2026-жылдын 25-майынан тартып 30-сентябрын кошуп алганга чейинки мезгилге токтотулуп турсун.».

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

– 13-пункт «Аи-92» деген сөздөрдөн кийин «, Аи-95» деген сөздөр менен толукталсын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана  2026-жылдын 25-майынан тартып күчүнө кирет.

 тиркеме.pdf


Кыргыз Республикасынын
 Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.А. Касымалиев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу