Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 9-июлундагы № 470 «Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 470 «Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибинде:
– 4-пунктта:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) транспорт каражатынын конструкциясына өндүрүүчү завод тарабынан жана (же) конструктордук документтерде каралбаган, техникалык кароону жана транспорт каражатынын конструкциясынын жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына шайкештигин баалоону жүргүзүү боюнча уюмдар тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу өзгөртүүлөр киргизилген, рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган, транспорт каражаттарынан тышкары;»;
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
«7) рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
«131. Рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражаттарына техникалык эскпертиза «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасынын транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредитацияланган контролдоо органы тарабынан жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча 3-тиркемеге ылайык форма боюнча техникалык абал жөнүндө корутунду таризделет.»;
– 14-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Транспорт каражатынын шайкештигин техникалык экспертиза формасында баалоону жүргүзүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:»;
– 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражаттарын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен байланышкан ишкердик иште пайдаланууга тыюу салуу.»;
– 27-пункттун 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10) транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутундунун талаптарына транспорт каражаты шайкеш келбесе же рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө терс корутунду болсо;»;
– 2-тиркеменин акыркы абзацында «буйрукта» деген сөз «Тартипте» деген сөзгө алмаштырылсын;
– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.А. Касымалиев