КР Министрлер Кабинетинин 26.08.2026-ж., № 579 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу,  улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоодо субсидияларды берүү максатында Турксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арасында импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуунун белгиленген баалары төмөнкүдөй деңгээлде аныкталсын:

1) ТЭИ ТН 2710 12 110 – 2710 12 900, 2710 19 110 0 – 2710 19 150 0, 2710 19 250 0, 2710 19 290 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензини (Аи-92 маркасы), бир тонна үчүн 960 АКШ доллары өлчөмүндө;

2) ТЭИ ТН 2710 19 310 0 – 2710 19 480 0, 2710 20 110 0 – 2710 20 190 0 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну, бир тонна үчүн 1050 АКШ доллары өлчөмүндө;

3) ТЭИ ТН 2711 11 000 0 – 2711 19 000 0, 2901 10 000 1 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газы, бир тонна үчүн 650 АКШ доллары өлчөмүндө.»;

2) 3-пунктта «30-сентябрын» деген сөздөр «31-декабрын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидияларды берүүнүн убактылуу тартибинде:

– 3-пункттун 1-пунктчасында «Аи-92, Аи-95» деген сөздөр «Аи-92 маркасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Субсидиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык бааларды белгилөө жөнүндө макулдашууну түзгөн, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерге берилет.»;

– 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Субсидиялардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган белгиленген баа менен импорттолуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын контракттарга жана импорттоодо транспорттук чыгымдарды эске алуу менен эсеп-фактураларга (инвойсторго) ылайык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.»;

– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10. Субсидия алуучу субсидия алуу үчүн отчеттук айдан кийинки айдын 25ине чейин төмөнкүлөргө өтүнмө жөнөтөт:

– Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнөн ташып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына;

– үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына;

– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына.»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:

«101. Өтүнмө төмөнкү документтердин тизмегин камтууга тийиш:

1) ушул Тартиптин 7-пунктуна ылайык субсидиялардын суммасынын эсеби;

2) импорттун көлөмдөрү жөнүндө маалымат;

3) товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;

4) контракттар жана эсеп-фактуралар (инвойстор) боюнча наркы;

5) ташууга кеткен чыгымдар боюнча ырастоочу документтер, анын ичинде, ташуу кызматтарын көрсөтүүгө контракттар жана эсеп-фактуралар (инвойстор), бул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоочу банктык төлөм документтери менен;

6) импорттоодо кошумча нарк салыгы төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоочу документтер;

7) банктык реквизиттер;

8) ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттоодо – салык органы тарабынан ыйгарылган товарларды ташып келүү жөнүндө арыздын датасы жана номери, ошол арыз боюнча вагондордун номерлеринин чечмелениши менен;

9) үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоодо – товарларга декларациялардын көчүрмөлөрү;

10) субъект субсидия алууну көздөгөн отун боюнча оператор тарабынан отунду маркалоого чечимдердин реестри.»; 

– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде карайт жана аны, ушул Тартиптин 

12-пунктунда каралган регламентке ылайык форма боюнча төлөнүүгө тийиш болгон субсидиялардын суммалары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төрагалык кылган ведомстволор аралык жумушчу топко жөнөтөт.»;

– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«13. Төлөнүүгө тийиш болгон субсидиялардын суммалары жөнүндө маалымат жана субсидия алуучулардын өтүнмөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан каралат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана төмөнкүлөрдү кошпогондо 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет:

1) 1-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацы, ал 2026-жылдын 10-июлунан тартып күчүнө кирет;

2) 1-пункттун 3-пунктчасынын алтынчы жана жетинчи абзацы, ал 2026-жылдын 25-майынан тартып күчүнө кирет. 



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев 


Тиркемелер

Басып чыгаруу