16

Февраль

2021

Ош облусунда жазгы талаа иштери башталды

Өкмөттүн Ош облусунун аймагында ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов  Ош облусунун Араван районуна иш сапар менен барып, жазгы талаа иштери, айыл- чарба азыктарын өндүрүү жана экспорттоо тууралуу жеринен маалымат алды.

Тепе- Коргон айыл аймагындагы жеке ишкер Бекмурзаев Канебектин "Зыябидин_ Ата"  айыл чарба комплексине барып  12 гектар аймакта жайгашкан көлөмдүү, заманбап күнөскананын иши менен таанышты. Учурда 24 адам жумуш менен камсыз болуп,  Ош  жана Бишкек шаарларынын маркет, рыноктору үчүн помидор, капуста, бадыраң, көк чөптөр сунушталууда .

 4,5 гектар аянттынан 4,0 га аянтына эгин эгилген. 2000 миң м2 аянттагы памидордон 100 тонна түшүм алууга жетишет.100 тонна памидорду орточо 110 сомдон сатылса 11,0 млн сом киреше  болот.

2000 миң  м2 аянттагы бадыраңдан 60 тонна түшүм алууга жетишет.60 тонна бадыраңды орточо 100 сомдон сатылса 6,0 млн сомга сатылат.

Бул күнөскана октябрь айынан апрель айына чейин иштейт. Май айынан октябрь айына чейин жер  дем алат.  

Жарасул Абдураимов өз колу менен картошка эгүү ишин баштап берди. 

картошка Россия Федерациясынын аймагына экспорттоо максатында эгилди. 

 Өткөн жылы жалпы Араван району пандемиялык кырдаалга карабастан,  РФ га 150 тонна басай капустасын экспорттогон.




Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы