24

Апрель

2021

Таласта көчөттөрдү отургузуу иштери башталды

Бүгүн, 24-март күнү Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Чалдыбар мектеп-интернатында көчөттөрдү отургузуу иштерине Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков катышып келди. Анын айтымында:
" Жыл сайын жаз келери менен 3 айдык ишембилик иштери өтөт. Бул жазгы иштери боюнча атайын буйрук чыккан. Бак отургузууга быйылкы жылы өзгөчө маани берсек, анткени Жогорку кеңештин токтому чыгып, ар бир адам бирден бак отургузуу  жөрөлгөсү башталды.  Ошону менен бирге эле азыр Чалдыбар мектеп- интернатында  көрктөндүрүү иштери жүрүп жатканы абдан кубантат.  Жашылдандыруу абанын тазарышына өбөлгө түзүп,айланага көрк да берет" деди ал.