06

Апрель

2021

Бүгүн, 6-апрелде Талас шаарында 7-апрель Элдик революция күнүнүн 11жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун райондорунун акимдери, Элдик революциянын баатырлары, курман болгон баатырлардын туугандары катышты. Иш чара Элдик революциянын баатырларынын эстелигине гүл коюу менен башталды.
Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө:"Үй-бүлөлүк кландык башкарууга эл жол бербейт  тургандыгын  мындан 11  жыл мурда  чечкиндүү билдирген. Кыргыз эли демократияны кытыксыз сактап, өлүмдөн да бийик, ыйык түшүнүк экенин көрсөттү. Кырчындай жаштар келечегин, эркиндигин сактап калууга өз өмүрүн арнады.  Элибиз өлкөнүн демократиялык багытын колдоп, азаттык үчүн күрөшкө чыгып, эч качан үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербей, бийликтин нукура өзөгүн түзгөн, элдин кызыкчылыгы баарынан жогору турарын көрсөттү. Кыргызстандын эгемендигин, азаттыкты, ынтымакты сактап калуу ар бирибиздин тарых жана келечек муундардын ыйык милдетти. 6-7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан. Элдин революция күнү шейит кеткен ар  бир  адамдын ысымы биздин жүрөгүбүздө жашай берет. Андыктан мен элибиздин, жерибиздин келечегине ишенем"- деди .