08

Апрель

2021

Бүгүн, 8-апрелде Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнү

 Жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министир Улукбек Марипов,
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана башка облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ар бир шаардын мэри, район акимдери, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү,өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ички иштер бөлүмдөрүнүн, "Түндүк электр" ишканасынын жетекчилери  катышышты. 
Жыйында референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо маселесине даярдык,  шайлоо өнөктүгүн таза өткөрүп алуу маселеси жана ар бир кызматкер өз ишин так алып баруу тууралуу айтылды.
 Ошондой эле шайлоого байланыштуу 8-апрелден баштап, электр энергиясын үзгүлтүксүз берилип эч кандай оңдоо, техникалык тейлөө иштери жүргүзүлбөйт экени белгилүү болду.