09

Апрель

2021

Бакай-Ата району

Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Бакай-Ата районуна болгон иш сапарында  Бакай-Ата районундагы  мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана карылар үйүнө барды. Облус башчысы, ал жерде жашаган карылар жана  балдар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн  угуп   аларды чечүү боюнча  тийиштүү   жетекчилерге  тапшырмаларды берди. 
Мындан тышкары,  Бакытбек Нарбеков  айлана-чөйрөнү тазалоо,  өнөктүгүнүн   алкагында  көчөт отургузуу иштеринде   эл менен бирдикте катышты.