11

Апрель

2021

Талас облусу боюнча 2021-жылдын 11-апрелинде саат 8:00 до 117 шайлоо участкалары толугу менен ачылып, иштей баштады.

Кыргыз Республикасынын БШКнын маалыматына ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучулардын саны 151900 адам, референдумга катышуучулардын саны 159532 адамды түзгөн. Ортодогу айырманын себеби 2019-жылы Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке, Шекер айыл аймактарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Бүгүн ал айылдык аймактардагы шайлоочулар референдумга (бүткүл элдик добуш берүү) гана катышат.
     2021-жылдын 11-апрелинде саат 12:00 карата жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 23915 шайлоочу же 15,7%, референдумга 24631 адам же 15,4% добуш беришти.
Облус боюнча 111 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, ал эми 6 шайлоо участкасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жүрүүдө. 
Энергетика жана телекоммуникация системасын (Интернет) үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жагы көзөмөлгө алынган.
Буга чейин облустук штаб тарабынан зарыл болгон учурда шайлоо участкаларына үзгүлтүксүз электро энергия булактары менен (генераторлор) камсыздоо боюнча тапшырмалар берилип, бардык 117 шайлоо участкаларында кошумча генераторлор орнотулган. 
  Жалпысынан шайлоо участокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында 20 мобилдик бригада түзүлүп, 20 жылып жүрүүчү (передвижной) генератор даярдыкка коюлган.
2021-жылдын 11-апрелинде Талас облусу боюнча бардык шайлоо участкаларында жалпысынан 234 медициналык кызматкер саат 8:00- 14:00 жана 14:00- 20:00 чейин бекитилген графиктин негизинде 2 нөөмөттө иш алып барышууда.
Шайлоо участкаларындагы имараттардын өрт коопсуздугун сактоо максатында 117 кызматкер көзөмөл жүргүзүүдө.
   Шайлоо комиссиялары компьютерлер, кабиналар, урналар жана башка атайын керектелүүчү оргтехникалар менен камсыздалган.
    Талас облусу боюнча 2021-жылдын 11-апрелине карата жалпы шайлоочулардын саны 159532 адамды түздү.
   Шайлоо участкалардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн 393 кызматкерлер жана ыктыярчылар тобу (ДНД) иш алып барышууда.
Учурда Талас облусунун аймагында коомдук-коопсуздук абал укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынган.