16

Апрель

2021

Нылды, Сары-Булак айылдарында 26-апрелден кийин жол оңдоо иштери башталат.

Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков  Манас районунун Кайыңды айыл аймагынын Нылды, Сары-Булак  айылдарынын тургундарынын суранычы боюнча жол маселесин чечип берүү үчүн   жол тейлөө мекемеси жана  "Бакубат-Талас" фонду менен биргеликте жолду тегиздеп, оңдоо боюнча 35 километрге  план коюду. 
Аталган жолду оңдоо иштери 26-апрелде  башталары күтүлүүдө. 
Ыйгарым укуктуу өкүл эл менен жолугушуу учурунда  Нылды, Сары-Булак айылдары облусубуздун четинде  жайгашкандыктан, жолду оңдоп жергиликтүү тургундардын Манас району жана Талас шаарына көйгөйсүз өтүп туруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.