17

Апрель

2021

2 жашар Рамзанды Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков элди бириктирип, издөөгө көмөк көрсөтүүдө

2021-жылдын 12-апрелинде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жоголгон Айткулов Рамзанды издөөгө элдин алдында Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков туруп, Талас облусунун  ички иштер кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Талас облусунун бардык райондорунан келген жергиликтүү эл биримдикте иш алып барууда. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл издөө үчүн сууну жаптырып, Бишкек шаарынан атайын суучулдарды алып келди. Издөө иштери эс алуучу 2 күндө улантылат. Жардам берүүчүлөрдүн арасын дагы да адамдар толуктоодо. Ар бир жаран кайдыгер карабай, Рамзанды табууга жардам берели!