19

Апрель

2021

Бүгүн,19-апрелде Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, орун басарлары, аппарат жетекчиси, кеңешчиси жана бөлүм башчылары менен бирдикте аппараттык кеңеш

Кеңешменин жүрүшүндө облус жетекчиси 12-апрелде сууга агып дайынсыз болуп жаткан 2 жашар Рамзанды издөө иштеринин  жүрүшү  боюнча маалымат алды.  Бакытбек Нарбеков,   издөө иштери    облустун мүмкүнчүлүктөрүнүн    чегинде  мындан ары да уланарын белгилеп өттү.
Ыйгарым укуктуу өкүл   жазгы талаа жумуштарынын  кечиктирбестен   өз убагында  жүргүзүлүшүн талап кылды.  Ошондой эле, мурда айтылгандай Нылды, Сары-Булак айылдарында 26-апрелден кийин жол оңдоо иштери баштоо  зарылдыгына токтолду.
 Бакытбек Нарбеков, Талас облустук биргелешкен ооруканасында болуп өткөн    дарыгерге кол көтөрүү фактысы   көз жаздымда калбастан мыйзам чегинде    чечилиши   кертигин айтты.