03

Сентябрь

2021

Сузак районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы Таштак айылында 50 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. 

Мекеменин ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусунданы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондук жана жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары катышты. 

АРИСтин демөөрчүлүгүнүн астында курулган Таштак айлындагы "Ак-Кеме-1" мектепке чейинки мекемеси 50 орунга ылайыкташкан. Ага жалпы 14 миллион 471 миң сомдон ашуун акча каражаты сарпталган. Жергиликтүү бюджеттен жалпы каражаттын 25 пайызы камсыздалган. 

Жалал-Абад облусунда жыл башынан тарта жалпы 6 бала бакча бүткөрүлгөн болсо, дагы төрт имараттын курулушу жүрүүдө.