03

Сентябрь

2021

Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формалары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энесинен ажыраган 200 балага жаңы окуу жылына карата мектеп формаларын тапшырды. 

Бул аракет облус башчысы тарабынан демилгеленип, демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Алдыда облус аймагындагы башка район-шаарларда да калктын саны эске алынган шартта жалпы 800 балага формалар жеткирилет. Мектеп кийимдери башталгыч класстардын окуучуларына, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалы эске алынган шартта бөлүштүрүлгөн.

Өкүл калктын муктаж катмарына көмөк көрсөтүү аракеттери мындан ары да улантылаарын айтты. Балдарды алдыдагы келе жаткан жаңы окуу жылы менен куттуктап, ден соолук, кең келечек каалап, мыкты билим алууга үндөдү.