07

Сентябрь

2021

Жалал-Абадда өнүктүрүү фонддордун иши активдешет

Жалал-Абадда областтык жана райондук өнүктүрүү фонддордун типтүү жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуу өттү.

Ага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эксперттери, жергиликттүү бийлик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коомдук талкуудагы фонддордун ишмердүүлүк жобосуна өзгөртүүлөрдүн киргизүүнүн максаты – аймактардагы калкка пайдалуу объектилердин курулушун, өндүрүштү жандантуудагы долбоорлорду ишке ашырууну ылдамдатуу, курамындагы байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санын кыскартуу, бөлүнүүчү финансылык каражаттардын кечигүүлөрүн болтурбоо болуп саналат. 

Облус өкүлү коомдук талкууда фонддордун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөр үстүндө эффективдүү чечимдерди кабыл алуу чакырды. Аны менен бирге аймактарда өндүрүштү жандантып, калкка жаңы жумуш орундарын түзүүчү долбоорлорду каржылоого басым жасоо керектигин белгиледи. 

Коомдук талкууда катышуучуларга Экономика жана финансы министрлигинин эксперттери тарабынан фонддун типтүү жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маалымат берилип, талкууга алынды.  

Өнүктүрүү фонддун каражаттары аймактарда кен байлыктарды казып алуудагы чегерилген эки пайыздык каражат эсебинен чогултулат. Ал жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү жогорулатууга, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга багытталат. 

Облусттук өнүктүрүү фондуна бул жылы жалпы 52 долбоор келип түшкөн. Өткөн жылдан тарта фонд экономикалык долбоорлорго артыкчылык бере баштаган. Ага ылайык ишкерлер жана жергиликтүү жамааттар натыйжалуу бизнес пландары боюнча кайрылса болот. 2021-жылга карата фонддун бюджетине 77 миллион сом түшөөрү пландалган.