09

Сентябрь

2021

Ноокен районуна жаңы аким дайындалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна жаңы аким болуп Ишенбеков Таалай Ишенбекович дайындалды. Тийиштүү буйрукка 7-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Жаңы район акимин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жамаатка жана мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырды. 

Облус өкүлү буга чейинки мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизинде ротация аркылуу келген Нурлан Шаршеналиев аз убакыттын ичинде өзүнүн аймакты өнүктүрүүдөгү иш билги жөндөмүн көрсөтө алгандыгын белгиледи. Жаңыдан дайындалган Таалай Ишенбековдун жумушуна ийгилик каалап, райондун ар тараптуу өнүгүүсүндө жигердүү аракеттенүүгө чакырды. 

Таалай Ишенбеков буга чейин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген. Ал эми Ноокен районун жетектеп келген Нурлан Шаршеналиев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды.