18

Сентябрь

2021

Нарын шаарынын кире беришине арка үлгүсүндөгү стелла коюлду

Нарын шаарынын кире беришине арка үлгүсүндөгү архитектуралык стелла орнотулуп, бүгүн, 17-сентябрда шаар күнүнө карата салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Шаар эли көптөн күткөн бул саамалык теңиртоолук жеке ишкер Кылыч Исамамбетов тарабынан 7 миллион сомдон ашык каражатка курулуп, шаар күнүндө элге белек кылынды.

Арканын салтанаттуу ачылыш аземине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев,  Нарын облусунун мурдагы жетекчилери Аманбай Кайыпов, Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мурдагы мэри Нурбек Молдокадыров , Рахат Адиев,   Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенаалы Нурдинов, коомук ишмер Карганбек Самаков, Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков  жана Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары, мекеме-ишкана жетекчилери, шаар коомчулугу катышып, каалоо-тилектер айтылды.

Белгилей кетсек,  Теңир-Тоо аталышындагы арканы куруу 2019-жылы теңиртоолук ишкерлердин башын кошкон бизнес-форумда демилгеленип, ошол жылы капсуласы салынган.  

Демөөрчү Кылыч Исамамбетовдун айтымында, архитектуралык стеллага кыргыздын жана теңиртоолуктардын баалуулуктары камтылган. Алсак, арканын түзүлүшү боз үйдүн керегесинин классикалык үлгүсүн чагылдырып, сол жагындагы бата берип жаткан карыя Кошой бабабыздын, оң тарабындагы чыны көтөргөн эне Умай эненин образын ачып берет. Бул келген-кеткен адамдарга Кошой бабабыз батасын берип, Умай энебиз суу тегеретип көз, сөздөн сактасын деген маанини берет.  Ал эми арканын экинчи тарабында Эл акыны Эсенгул Ибраевдин калемине таандык Нарын Гимни чөгөрүлгөн.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.