11

Октябрь

2021

Нарын облусунун аймактарында көмүр тартуу иштери тынымсыз жүрүп жатат


Быйыл “Кара-Кече” көмүр кенинде көмүр казуу иштери дээрлик бир жарым айга кеч башталгандыктан 1-октябрдан баштап көмүр жүктөлүп чыга баштады. Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин уюштуруусу менен учурда Нарын облусунун бардык райондоруна көмүр тартуу иштери жүрүп жатат. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги менен алдын ала сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында “Кара-Кечеден” Нарын облусунун аймактарына жумасына 2 күн кезексиз көмүр жүктөөгө  мүмкүнчүлүк берилген. Мындан сырткары “Турук” көмүр кесиминен көмүр тартылып жатат.

10-октябрда Нарын шаарына “Кара-Кече” көмүр кесиминен 400 тонна, Нарын районуна 400 тонна көмүр тартылып келди. 

Бүгүнкү күндө Нарын шаарында уюштурулган 8 көмүр базасынын экөөндө көмүр бар. Тактап айтканда, Жаңы-Жол аймагындагы Н. Бактыбековдун көмүр базасында сатыкка 100 тонна көмүр турат. Ошондой эле Запин аймагындагы Айгыр-Жал көчөсү 21-үйдө көмүр сатылууда. Мындан сырткары автоунаа менен кыдырып көмүр саткан жеке ишкерлер бар. 

Көмүр базаларында сатылып жаткан көмүрдүн баасы 4000 сомдон көтөрүлбөйт. Бул жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө.  Ал эми бир тонна көмүрдүн жеринде чыккан баасы мурдагыдай эле 1330 сомдон. Быйыл көмүрдүн баасынын көтөрүлгөнүн көмүр тарткан ишкерлер күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин кымбаттап кеткендигине байланыштырууда. 

2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн Нарын облусуна жалпы 98 миң 713 тонна көмүр керектелээри болжолдонгон. Анын ичинен калктын керектөөсү 75 миң 500 тоннаны түзөт. Учурда бюджеттен каржыланган социалдык мекемелерге жана калкка көмүр тартууга басым жасалууда. Билим берүү тармагына көмүр тартуу Ак-Талаа районунда 100 пайызга, Ат-Башыда 58 пайызга, Жумгалда 18 пайызга, Кочкордо 17, Нарын районунда 39 пайызга аткарылды. 

Көмүр карьерлери менен түз кызматташуу менен  Кочкор, Ат-Башы жана Нарын райондоруна көмүр базалары уюштурулуп жатат. Мындан сырткары мурда уюшулган көмүр базалары бар.

Буюрса көмүр тартуу иштеринде маселе болбойт. Калкыбыздан көмүр отунун суукка калбай эртерээк камдап алууларын өтүнөбүз. 


КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.