15

Октябрь

2021

Кара-Кечеде техникаларга кыянаттык кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Кара-Кече көмүр кениндеги көмүр өндүрүшүнүн абалын жеринде көрдү. 

Учурда "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалы тарабынан күнүнө 250дөн ашык автоунаага көмүр жүктөлүп чыгууда. 150 миң тоннадан ашык көмүр запасы бар. 1-октябрдан бери 80 миң тоннадан ашык көмүр аймактарга жүктөлүп чыккан.  Автоунаалардын кезек күтүү, тартип маселеси жолго коюлган. 

Быйыл көмүр казуу иши кеч башталгандыктан облус жетекчисинин аракети жана өлкө башчысынын колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 техникасы көмүр казуу ишине жардамга жиберилген. 

Тилекке каршы, 14-октябрда ушул техникалардын үчөө белгисиз адамдардын кыянат аракети менен зыянга учураган фактысы катталды. Тактап айтканда, 1 техниканын май куюучу багына шекер салып, 2 техниканын күйүүчү май келе турган түтүгүн бүтөп салышкан.

Ушул факты жеринде укук коргоо органдары менен бирдикте териштирилди. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Ал эми учурда "Кара-Кечеде" ишкананын 66 техникасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бузулгандан сырткаркы 27 техникасы иштеп, көмүр казуу, жүктөө иштерин улантууда.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев абалды жеринде көрүп, кыштын алдында элге кыянаттык кылган адамдарга сөзсүз мыйзам жолу менен чара көрүлөөрүн эскертти. Бул ишти тез арада  тыкыр иликтөөгө алуулары керектигин укук коргоо, коопсуздук сактоо органдарынын жетекчилигине тапшырды. Ошондой эле "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин иликтөө иштерине жардам берип, мындан ары мындай мүчүлүштүктөргө жол бербөөнү милдеттендирди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.