15

Октябрь

2021

Көмүр ташыган айдоочулар жол оңолгонуна жана тартип жөнгө салынганына ыраазы



Бүгүн, 15-октябрда облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Кара-Кече көмүр кенинде көмүр ташыган автоунаалардын айдоочулары менен жолугуп, маселелерин сурады. Айдоочулар быйыл жол оңолуп, тартип болуп, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлганына ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле көпкө кезек күтпөй ашып кетсе бир суткада көмүр жүктөп чыгып  жатышканын айтышты.

Белгилей кетсек, быйыл республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүнүп, Дыйкан-Кара-Кече жолунун 37 чакырымы ремонттолуп жатат. 
Мындан сырткары тартип маселеси жөнгө салынып, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлган. Бул боюнча Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин атайын багыттагы "Альфа" тобу тыкыр көзөмөлгө алууда. 

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалынын директору Марат Орозбаев билдиргендей, учурда ишкана тарабынан өндүрүлгөн калкка тартылуучу 150 миң тонна көмүрдүн запасы бар. Күнүнө 250дөн ашык автоунаага көмүр жүктөлүп чыгууда. 1-октябрдан бери 80 миң тоннадан ашык көмүр аймактарга жүктөлүп чыккан.  Нарын облусунун жетекчилигинин өтүнүчү менен ар жуманын жума күндөрү Нарын облусунун көмүр ташыган автоунааларына кезексиз көмүр жүктөлүп берилүүдө.

Быйыл көмүр казуу иши кеч башталгандыктан облус жетекчисинин аракети жана өлкө башчысынын колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 техникасы көмүр казуу ишине жардамга жиберилген. Бул колдоо ишти кыйла ылдамдатып, калкты көмүр отуну менен камсыздоого өбөлгө түзгөнүн ишкананын кызматкерлери жана айдоочулар баса белгилешти.
Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев айдоочулардан калкка көмүрдүн баасын өтө кымбаттатпай сатууларын өтүндү.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.